Икрамжан Илмиянов кеңешчи болуп дайындалды

Икрамжан Илмиянов кеңешчи болуп дайындалды
21-Апр. 2017, Жума

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Икрамжан Илмиянов коомдук башталышта КРнын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Икрамжан Илмиянов буга чейин КР президентинин кеңешчиси, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын аркалап келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!