Шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталды

Шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталды
3-Май 2017, Шаршемби

Кечээ, 2-майда Жогорку Кеңеште өткөн президенттик жана парламенттик шайлоо тууралуу парламенттик угууда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Дастан Бекешов эгер президенттик шайлоодо экинчи тур болуп калса, анда шайлоо жаңы жылга чейин узарып кетерин эске салды.

“Биз буга чейин белгиленген 19-ноябрдагы шайлоо мөөнөтүн алдыга жылдыралы деп жатабыз. Мисалы, Иса Өмүркулов 15-октябрга жылдыруу боюнча сунуш берди. Биз муну карап, комитетте да талкуулайбыз”,-деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрь деп белгилеген. Бирок "Ата Мекен" фракциясы мыйзам боюнча шайлоо август айынын аягында өтүшү керектигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!