БШК талапкерлерге эскертүү берди

БШК талапкерлерге эскертүү берди
10-Май 2017, Шаршемби

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күзүндө болуучу президенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын лидерлерине үгүт материалдарын эрте таратуудан оолак болууга чакырды.

БШК күн алыс мурда билдирүү таратып, мыйзам жол берген мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестигин эскертип, эмблема, төш белги, логотип, желек, девиз сыяктуу атрибуттарды колдонуп маалымат таратуу үгүт болуп эсептелерин ырастады.

Быйыл күз айларында президенттик шайлоо өтөт. Өлкөнүн шайлана турган болочоктогу бешинчи президенти алты жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат.

Саясий жарышка Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев чыга турганын расмий билдиришкен.

Интернет айдыңында саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариевдин жер-жерлерде түрдүү иш-чараларды уюштуруп, эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп жаткандыктары тууралуу материалдар көп кездешүүдө.

Ал ортодо БШКнын эскертүүсүнө «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жооп кайтарды. Эл өкүлүнүн белгилешинче, депутаттар эл аркылуу шайланып келгендиктен, жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүү – депутаттардын милдети.

«Биз эл аркылуу шайланып, партия менен парламентке келдик. Андыктан партиянын лидери катары биз эл менен тыгыз байланышта болууга милдеттүүбүз. Бул жерде үгүт болду деп эсептебейм. Ал жерде түрдүү сүроолор берилет. Эгер суроолорго жооп бербесең, «жооп берүүдөн качты» деген сөздөр болот»,-деди Төрөбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!