Кыргызстан-Иран: кызматташтыкка чейрек кылым болду

Кыргызстан-Иран: кызматташтыкка чейрек кылым болду
11-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жыл толгондугуна байланыштуу эки өлкөнүн президенттери бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жолдоду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Иран чейрек кылым аралыгында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкта жигердүү жыйынтыкка жетише алганын билдирди. Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстан менен Иран БУУ, ШКУ сыяктуу үлкөн уюмдардын алкагында да тыгыз кызматташып жатканы, мындан ары да бардык тармак боюнча алака түзүүгө кызыкдар экени айтылган.

Өз кезегинде Ирандын президенти Хасан Роухани жолдогон катында 25 жыл аралыгында эки өлкө ортодогу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жакшы кадамдарды жасашканын билдирген.

Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык мамилеси 1992-жылы 10-майда негизделген. 1993-жылы февралда Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ачылса, 1996-жылы мартта Кыргызстандын Тегеранда элчилиги ачылган.

Учурда Иранда Кыргызстандын 28 жараны жашайт. Алар дипломаттар, ишкерлер жана Иранга турмушка чыккан кыздар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!