Атамбаев кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушту

Атамбаев кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушту
17-Май 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 16-майда Кытайга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев эл аралык кызматташтык боюнча “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууга чакырганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Кытайдын бул жылдар ичинде Кыргызстанга берген гранттык, финансылык жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сезилерлик жардам болгонун айтты.

Өз кезегинде Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени жүзөгө ашырууга катышуусунун маанисин белгиледи. Ал ошондой эле Кытай мындан ары да кыргыз тараптын керектөөлөрүнө жараша конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен Кыргызстандын экономикасын бекемдөө ишине жардам берүүнү улантаарын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз-кытай фондун түзүүгө, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууга тиешеси бар маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык багытта өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү жана биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!