Жибек жолундагы өлкөлөргө Кытай каражат бөлөт

Жибек жолундагы өлкөлөргө Кытай каражат бөлөт
17-Май 2017, Шаршемби

Кытай жакынкы 3 жыл аралыгында жаңы Жибек жолун курууга катышкан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам катары 60 миллиард юань (8,7 миллиард доллар) бөлүп берет.

Бул тууралуу “Бир алкак – бир жол” форумунда Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

14-15 май күндөрү Пекинде өткөн эл аралык кызматташууга багытталган “Бир алкак – бир жол” жогорку форуму өттү. Анда жаңы Жибек жолун куруу стратегиясы кабыл алынып, мамлекеттер аралык ири алкакты түзүү каралды.

Бул форумга 29 өлкөнүн президенттери, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышты.

Форумда сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев "Бир алкак - бир жол" стратегиясында Кыргызстан аркылуу бир нече долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Анда Жибек жолдун санариптик бөлүгүн өлкө аймагынан өткөрүүгө, буга чейинки долбоорлонгон темир жол курууну колдоого чакырды.

Маалымат иретинде айта кетсек, “Бир алкак – бир жол” демилгеси Кытайдын “Жибек жолунун экономикалык кууру” жана “XXI кылымдын деңиз жибек жолу" долбоорлорунан түзүлгөн платформа. Ал Жибек жолу өткөн өлкөлөр менен Кытайдын экономикалык алакаларын күчөтүп, Чыгыштан Батышка карай тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү максатын көздөйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!