Кыргызстан-БАЭ: биргелешкен иштер жанданат

Кыргызстан-БАЭ: биргелешкен иштер жанданат
25-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстангв расмий визит менен келген Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайянды кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын жана жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Олуттуу багыттар, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен иштерди жандантуунун мааниси белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайяндын Кыргызстанга расмий визити мамилелердин андан ары жанданышына түрткү берип, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттерди тереңдетүүгө жол ачарына ишенерин билдирди.

Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайян жылуу тосуп алып, эки тараптуу катнаштардын маанилүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк түзгөндүгү үчүн президентке ыраазылыгын айтты. Ал БАЭнин тиешелүү мекемелери Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыкты жандантуу боюнча пландарды ишке ашырат деп ишендирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!