Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт
29-Май 2017, Дүйшөмбү

Ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Буга чейин мыйзам боюнча президенттик шайлоонун датасы 19-ноябрга белгиленген. Май айынын башында президенттик жана парламенттик шайлоо тууралуу парламенттик угууда КСДП партиясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган. Кыргызстанда президент бир жолку мөөнөт менен 6 жылга шайланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!