Жээнбеков: “Кыргызстан маалыматтык хаб болушу керек”

Жээнбеков: “Кыргызстан маалыматтык хаб болушу керек”
30-Май 2017, Шейшемби

Кыргызстан Европа, Азия жана жакынкы Чыгышты байланыштырган Борбордук Азиянын маалыматтык хабы болушу керек.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда Бишкекте өтүп жаткан «Таза коом» долбоорун ишке ашырууга арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Премьер-министр Кыргызстан бул программа менен таза жана ачык коомду түзүүгө жете аларына ишеним арта турганын билдирип, долбоордун максаты - жогорку технологиялык инфраструктураны түзүү экенин айтты.

“Таза Коом. Глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган жыйынга Дүйнөлүк банктын, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Россия жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!