БУУнун Баш катчысы Кыргызстанга келет

БУУнун Баш катчысы Кыргызстанга келет
7-Июнь 2017, Шаршемби

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 11-июнда Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, баш катчы Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, андан ары Ош шаарында 2010-жылдагы июнь калабасынын жети жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышат.

Антониу Гутерришинин Кыргызстанга жасай турган визити анын Борбор Азияны кыдыруу сапарынын алкагында болот. Ал Кыргызстан менен бирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!