Бишкекте ЖККУнун жыйыны өтөт

Бишкекте ЖККУнун жыйыны өтөт
8-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында ЖККУ алкагында мамлекеттердин аскердик-экономикалык кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Иш-чарага ЖККУнун баш катчысы Валерий Семериков жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышат. Ошондой эле, Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик жетекчилери келет.

Мамлекеттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!