Атамбаев Астанага учуп кетти

 Атамбаев Астанага учуп кетти
8-Июнь 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда жумушчу сапары менен Астанага учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысынын иш сапары 10-июнга чейин уланат. Сапардын алкагында КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле ЭКСПО-2017 иш-чарасынын ачылышында болот.

Кыргызстандык делегациянын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов бар.

Астанада өтө турган саммиттеги негизги маселе Индия менен Пакистандын аталган уюмга мүчө болушу каралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!