Атамбаев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Атамбаев Өзбекстандын президенти менен жолугушту
9-Июнь 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкө лидеринин жолугушуусу ортодогу жылуу мамилени мындан ары да өркүндөтүп, бардык тармактар боюнча алаканы чыңдоо болду.

Мирзиёев кесиптеши Атамбаевди Өзбекстанга расмий сапарга чакырып, эки өлөнүн ишкерлерин бириктирүү сунушун берди.

Буга Алмазбек Атамбаев чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз-өзбек мамилелеринин мындан ары да бекемдөө ниетин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!