Парламент президенттик шайлоонун датасын бекитти

Парламент президенттик шайлоонун датасын бекитти
14-Июнь 2017, Шаршемби

Жогорку Кеңеш ушул жылдын күз айында боло турган президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, токтом долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды. Андан сырткары, бул документ аркылуу өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Ошондой эле, өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине кол кабыш кылууга тийиш.

Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!