Атамбаев белгисиз жоокердин эстелигине зыярат кылды

Атамбаев белгисиз жоокердин эстелигине зыярат кылды
20-Июнь 2017, Шейшемби

Кечээ, 19-июнда башталган президент Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сапары уланууда. Мамлекет башчы бүгүн, 20-июнда Россиянын баш калаасындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду.

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Атамбаев бүгүн кесиптеши Владимир Путин менен тар жана кңири чөйрөдө жолугушат.

Анда бир катар тармактар боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Ушул эле күнү кечке маал Москва шаарындагы Кремль сарайында Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышы болот.

Мындан сырткары Президент иш сапарынын алкагында Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Алтай цивилизациясын иликтеген окумуштуулар, тарыхчылар, эксперттер менен жолугушары пландалган.

Беш күнгө созулчу мамлекет башчынын иш сапар кыргыз-орус дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына арналган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!