Жумакадыров Сирия боюнча маалыматты төгүндөдү

Жумакадыров Сирия боюнча маалыматты төгүндөдү
23-Июнь 2017, Жума

Россия кыргызстандык жоокерлерди Сирияга жөнөтүү тууралуу жардам сураганы чындыкка дал келбейт.

Мындай билдирүүнү бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров тастыктады.

Анын белгилешинче бул маселе Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун (ЖККУ) деңгээлинде көтөрүлүп, коопсуз аймакка тынчтык орнотуучу контингентти гана багыттоо тууралуу сөз болгон.

"Бизге бул тууралуу эч кандай расмий сунуштар жана пикирлер түшкөн эмес. Бир катар ЖМКлардын биздин аскерлерибизди Сирияга жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүсү туура эмес. ЖККУнун жыйынында тынчтык орнотуучу контингент тууралуу гана сөз болгон”, - деп билдирди Жумакадыров.

Ал ортодо Казакстандын тышкы иштер министрлиги согуш жүруп жаткан аймакка өз аскерин жибербей турганын расмий билдирген.

Алгачкы булагы россиялык ЖМКлар болгон бул кабар кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, кыргыз аскерин согуш талаасына жиберүүгө караманча каршы экенин билдирип жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!