Шайлоону өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Шайлоону өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
27-Июнь 2017, Шейшемби

Борбордук шайлоо комиссиясында президенттик шайлоого даярдык көрүүгө карата тогуз жумушчу топ түзүлдү.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар шайлоочуларды маалымат менен камсыздоо, шайлоого даярдыктын жүрүшүнө кам көрүү, талапкерлердин документтерин даярдоо, чогултулган кол тамгаларды кабыл алуу жана текшерүү, ревизиялык көзөмөлдөө, үгүт иштерин жүргүзүүнү көзөмөлгө алуу, арыз-даттанууларды кабыл алуу жана кароо, ыкчам чара көрүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун камсыздоо боюнча иш алып барышат.

Кыргызстанда президентти шайлоо 15-октябрда өтөт. БШК учурда төрт талапкерди каттоодон өткөрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!