Кыргызстан Ливан менен кызматташат

Кыргызстан Ливан менен кызматташат
30-Июнь 2017, Жума

Кыргызстан менен Ливан мамлекети менен дипломатиялык мамиле түздү. Биргелешкен коммюникеге кечээ, 29-июнда АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстан менен Ливандын БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева жана Наваф Салам кол коюшту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Биргелешкен коммюникенин текстинде тараптардын БУУнун уставынын принциптери жана максаттары, айрыкча эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, мамлекеттер ортосундагы теңчилик, мамлекеттин аймагынын бүтүндүгүн жана улуттук көз карандысыздыгын урматтоо, эгемендик, эл аралык келишимдерди сактоо жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө жетекчиликке алынды.

Кол коюу салтанатынан кийин эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достукту жана кызматташтыкты эки тараптан өнүктүрүү ниетин жана БУУнун линиясындагы эл аралык органдарда бир-биринин талапкерлигин колдоо тууралуу билдиришти.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери 145 өлкө менен дипломатиялык мамиле түзгөн.

Ливан - Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Ливан – БУУнун, Араб өлкөлөрү лигасынын, ЭВФтин, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын , Ислам конференция уюмунун мүчөсү. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!