ЮНИСЕФтин аймактык директору Кыргызстанга келди

ЮНИСЕФтин аймактык директору Кыргызстанга келди
13-Июль 2017, Бейшемби

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Европадагы жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Афшан Хан биринчи жолу Кыргызстанга келди. Ал 13-июлдан 18-июлга чейин Кыргызстанда болот.

ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Афшан Хан айым сапар алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экс-президент Роза Отунбаева, Баткен, Ош облустарындагы өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле депутаттар, жарандык коомдун жана эл аралык жамааттын өкүлдөрү менен жолугушат.

Афшан Хан айым жолугушууларда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо чөйрөлөрүндө кырдаалды жакшыртуу боюнча жетишилген жыйынтыктарды, ошондой эле 2018-2022-жылдарга жаңы өлкөлүк программанын алкагында кыргыз өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосундагы балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

Кыргызстандагы сапары маалында ЮНИСЕФ өкүлү транс чек аралар аралык программа менен таанышып, ооруканаларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн борборлорду, балдарды коргоо борборлорун кыдырып, балдар укуктарын коргоодо өлкө кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканы тууралуу кенен маалымат алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!