Айдоочулук күбөлүк электрондоштурулду

Айдоочулук күбөлүк электрондоштурулду
19-Июль 2017, Шаршемби

Айдоочулук күбөлүк берүүнүн бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев маалымат жыйынында билдирди.

Анын белгилешинче, ушул айдын биринен баштап айдоочулук күбөлүк берүүнүн электрондук системасы ишке кирген. Бирдиктүү реестрдин жардамы менен айдоочуларга берилген документтин жарактуу же жараксыз экенин аныктоого болот.

Мекеме жетекчиси МККнын жыл башынан бери аткарган иши тууралуу маалымат берип, 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата даярдык тууралуу билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, алты ай ичинде жарандарга 242 миң 99 ID карт паспорт берилди. Алардын 102си электрондук ID карттар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!