​Талапкерлер тест тапшыра баштайт

​Талапкерлер тест тапшыра баштайт
25-Июль 2017, Шейшемби

Президенттике талапкерлер 26-июлдан баштап кыргыз тилден тест тапшырабашташат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июлда Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактын жүрүшү менен тааныштыруу үчүн президенттикке талапкерлер менен жана алардын өкүлдөрү менен жолукту.

“Кыргызтест” системасына ылайык сынак 4 субтесттен турган эки этап менен өтөт.

Биринчи этабында талапкер катталат жана идентфикациялык номер алат, тестирлөөнүн эрежеси менен таанышат. Экичи бөлүгүндө талапкер сынак тапшырат жана жыйынтыгын алат.

Талапкер добуш берүүгө 45 күн калганга чейин Борбордук шайлоо комссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сертфикатын тапшырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!