​21-августта парамент кезексиз жыйынга чогулат

​21-августта парамент кезексиз жыйынга чогулат
27-Июль 2017, Бейшемби

21-августта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, жыйында эл өкүлдөрү жаңы өкмөт башчыны дайындап жана өкмөттүн курамын бекитет.

Буга чейин Чолпон-Атадагы маалымат жыйында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр талапкер катары катталган соң кызматын өткөрүп берерин жана эл өкүлдөрү сентябрь айына чейин жаңы өкмөттүн курамын бекитерин билдирген.

Эскерте кетсек, учурдагы өкөмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП партиясы 15-июлда көрсөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!