Бүгүн, 1-августтан баштап президенттик шайлоого ат салышууга ниеттенген талапкерлерди каттоо жараяны расмий токтоду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, президенттик тактыга отуруу үчүн 59 киши арыз берген. Алардын 48и өзүн-өзү көрсөтсө, калган 11 талапкерди саясий партиялар сунуштаган.
Эми ар бир талапкер мыйзамга ылайык шайлоо күрөөсү үчүн 1 млн. сом төлөп, ар бири 30 миңден кем эмес кол топтошу керек. 15-августтан баштап БШК талапкерлерди расмий каттай баштайт.
Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.