Мамкызматкерлер мүлкү тууралуу отчет берет

Мамкызматкерлер мүлкү тууралуу отчет берет
4-Авг. 2017, Жума

Мындан ары ар бир мамлекеттик кызматкер канча мүлкү бар экенин коомчулукка кабардар кылат.

Президент Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

Бул расмий документ мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп тургандардын кирешеси, чыгашасы, милдеттенмелери жана мүлкү ачык жана айкын болушу, алардын элдин алдында отчеттуулугу жана жоопкерчилиги, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча система түзүүгө багытталган.

Мыйзам ушул жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!