Үч талапкер жарым жолдон кайтты

Үч талапкер жарым жолдон кайтты
4-Авг. 2017, Жума

Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 59 кандидаттын үчөөсү өз талапкерлигин чакыртып алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, ардагер эки талапкер: 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев жана «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Мамедов жана Игорь Трофимов өз арыздарын чакыртып алышты.

Тизмеден чыгарылган талапкерлердин айрымдары мамлекеттик тил сынагына келбесе, кээ бири шайлоо фондун ачкан эмес.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!