Жээнбеков Түркияга иш сапары менен кетти

Жээнбеков Түркияга иш сапары менен кетти
8-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 8-августта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркия республикасына учуп кетти.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушуусу мерчемделген.

Ошондой эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Стамбулдагы Манастын эстелигинин ачылыш салтанатына катышып, «Манас» эпосу тууралуу китептин бетачары жана эпос тууралуу театралдаштырылган кыска метраждуу киного күбө болот.

Министрлер кабинетинин башчысы андан ары Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!