Шайлоочулардын тизмеси өткөрүлдү

Шайлоочулардын тизмеси өткөрүлдү
9-Авг. 2017, Шаршемби

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын болжолдуу тизмесин борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берди.

МККнын маалымат кызматы билдиргендей, 18 жашка толгон, биометрикалык маалыматын тапшырган Кыргызстандын 2 914 588 шайлоочусунун тизмеси бекитилди.

15-августтан баштап жарандар алдын ала тизме менен шайлоо участокторунан тааныша баштайт.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан тизмеден өзүн тактоону, кокус аты-жөнү чыкпаса, өзүнүн шайлоо участогуна кайрылууну же болбосо www.shailoo.srs.kg сайтына жана 119 кыска номери аркылуу кайрылса боло турганын эскертет.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!