​Прокуратура Сарпашевди кызматтан алууну сунуштады

​Прокуратура Сарпашевди кызматтан алууну сунуштады
10-02-2017

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушу менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кат жөнөттү. Бул тууралуу 9-февралда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сарпашевдин өткөн жылдын 30-ноябрында Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу боюнча Бишкектин район аралык сотунун чечимин аткаруу тууралуу буйрук бергенин мыйзамсыз деп эсептөөдө.

Белгилей кетсек, Сарпашев Бишкектеги Бакиевдерге тийиштүү мүлктү аресттен чыгарууга көрсөтмө берген деп күнөөлөнүүдө. 2017-жылдын 31-январында мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү аянты 1,28 гектар жердин сатылып кетишине Мамлекеттик каттоо кызматынын да катыштыгы бар экени айтылган эле.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!