Көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу болот

Көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу болот
14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков казак кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда өкмөт башчы Жээнбеков эки тараптуу кызматташууларда казак тараптан чечиле турган жана колдоону талап кылган маанилүү маселелер бар экенин ортого салды.

“ЕврАзЭСтин алкагында чек ара тармагында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө актуалдуу маселе болуп саналат. Өткөн жолугушууда биз «Токмок-автодорожный» жана«Кең-Булуң – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүү, «Ак-Тилек – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна кыргыз тараптан жана «Кара-Суу» казак тараптан көпүрө куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Аталган маселени чечүүнү тездетүүңүздү суранам»,- деди Жээнбеков.

Өз кезегинде казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүүдө алдыга жылууга кызыкдар экенин жашырбады.

«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагындагы курорттук зоналарга эч кандай тоскоолдуксуз туристтерди өткөрүүгө бардык шарттарды түзгөндүгү абдан жагымдуу. Жакын арада «Ак-Тилек – автодорожный» жана «Кара-Суу» көзөмөл өткөрүү пункттарын бириктирген көпүрөнү каржылоо башталат. Жакында «Кең-Булуң – автодорожный» жана «Токмок – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу болуп статусу өзгөрүлөт”,-деди Сагинтаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!