Талапкерлердин катары жетиге азайды

Талапкерлердин катары жетиге азайды
14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон 59 жарандын жетөөсү ар кандай себептер менен жарышка чыгуудан баш тартты.

Бүгүн, 14-августта мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыра турган талапкер Акбаралы Айтикеев президенттик кызматка талапкерлигин коюудан баш тарткандыгына байланыштуу тестирлөөгө катышпады.

Буга чейин БШК камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соттуулугуна байланыштуу талапкер кылып каттоодон баш тартса, көп узабай дагы бир камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тил сынагын тапшыруу маселесинде көйгөй жаралган.

БШК 9-сентябрда кимдер президенттик расмий талапкер болуп катталганын жарыялайт. Учурда талапкер макамы бир гана Темир Сариевде бар. Калгандары 30 миң шайлоочунун колун топтоо, 1 миллионм сом сумммасында шайлоо күрөөсүн төлөө, мамлекеттик тил сынагынан тест тапшыруу шарттарды аткарууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!