Сапар Исаков: “Биз жазган программаны ар бир жаран түшүнөт”

Сапар Исаков: “Биз жазган программаны ар бир жаран түшүнөт”
25-Авг. 2017, Жума

Ушул тапта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Сапар Исаковдун программасын угууда.

Исаков өз программасын “Жаңы доорго – кырк кадам” деп атап, программа ар бир Кыргызстандын жараны түшүнө тургандай жөнөкөй тилде жазылганын, аларды толук ишке ашырууга ишеними чоң экенин билдирди.

Ал жаңы өкмөттүн болжолдуу курамын тааныштырды.

Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов, Коопсуздук, чек ара тармагы боюнча вице-премьер министр Темир Жумакадыров, вице-премьер министркке – Дүйшөнбек Зилалиев, Экономика министрлигине Артем Новиков сунушталып жатканын билдирди.

Айрым гана министрликтерде гана өзгөрүү болгон. Жалпысынан алганда өкмөт курамынын үчтөн бири алмашышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!