Депутаттар эки министрдин талапкерлигин сынга алды

Депутаттар эки министрдин талапкерлигин сынга алды
25-Авг. 2017, Жума

Адилет министрлигине сунушталып жаткан Уран Ахмедов жана Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Талантбек Батыралиев депутаттарды канааттандырбады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Сапар Исаков жаңы өкмөт курамы менен тааныштырып жатып, Адилет министрлигине Уран Ахметов сунушталып жатканын билдирди.

Депутат Искендер Матраимов жаңы өкмөт курамын колдой турганын, бирок Уран Ахметовдун аталган кызматка баруусуна каршы экенин билдирди.

Депутат бул пикирин Адилет министрлигинде көпчүлүккө сыр болгон документтер бар экенин, ал жерде иштөө оор экенин, эгерде жаштардан келсе, ишти жөндөп кетерин жүйө келтирди.

Исаков адегенде эки министрдин ишин көрсөтүүсүнө убактыт керек экенин, алар тажрыйбалуу адис экенин, ишти баштаар алдында турганын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!