Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөт курамын жактырды (тизме)

Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөт курамын жактырды (тизме)
25-Авг. 2017, Жума

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка сунушталган Сапар Исаковдун программасын жана жаңы өкмөт курамын жактырды.

Аткаруу бийлгинин жетекчилигине сунушталган Исаков жумушун “Жаңы доорго 40 кадам” аттуу программа менен иш алып барарын билдирди. Ал негизинен үч багытта: "Элдик экономика бакубаттыгы", "Калктын социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" иш алып барарын айтты.

Көпчүлүк коалицияда КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Төмөндө жаңы өкмөт курамы менен тааныштырабыз:

КР Премьер-министри – Сапар Исаков;

КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;

КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;

КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;

КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;

КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;

КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

КР ички иштер министри – Улан Исраилов;

КР юстиция министри – Уран Ахмедов;

КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;

КР экономика министри – Артем Новиков;

КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;

КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;

КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;

КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;

КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;

КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;

КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

Ушул тапта кезексиз сессияга чакырылган депутаттар жаңы өкмөт курамын бекитери күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!