Президент Сапар Исаковду өкмөт башчы кызматына дайындады

Президент Сапар Исаковду өкмөт башчы кызматына дайындады
26-Авг. 2017, Ишемби

Сапар Исаков расмий түрдө өкмөт башчы болду. Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Кечээ, 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, Сапар Исаковдун талапкерлигин, программасын, жаңы өкмөт курамын жана түзүмүн жактырган.

Сапар Исаков буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн, андан кийин президенттик аппаратты жетектеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!