Атамбаев табият кырсыктарынан жабыркагандар менен жолугушат

Атамбаев табият кырсыктарынан жабыркагандар менен жолугушат
28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 28-августта президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Ош облусунда жүрөт.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Атамбаев табият кырсыктарынан жабыркаган Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы тургундар менен жолугушат.

Мындан сырткары Чоң-Алай районундагы райондук оорукананын ачылыш аземине катышат.

Эскерте кетсек, жаз айында Чоң-Алай районда жер титиреп, Өзгөн районунда жер көчкү жүрүп, адамдардын өмүрүнө жана турак-үйлөргө зыян келтирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!