Президенттик шайлоого катыша турган 24 талапкер калды

Президенттик шайлоого катыша турган 24 талапкер калды
28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Президенттик шайлоого ат салыша турган 59 талапкердин 24ү калды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, БШК кол тамга жана мамлекеттик тил сынагы боюнча сертификат атпшырбаган 20 талапкерди жарыштан четтеткен.

Учурда калган талапкерлердин кол тамгалары текшерилип жатат. Шайлоого 35 күн калганда канча талапкер чыгары белгилүү болот.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!