Мирзиёев Кыргызстанга келди

Мирзиёев Кыргызстанга келди
5-Сен. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Мирзиёев баштаган өзбекстандык делегацияны “Манас” эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда тосуп алды.

Коңшу өлкөнүн президенти менен кошо жубайы Зироатхан Мирзиёева да келген.

Мирзиёевдин иш сапары учурунда бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлары алдын ала айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1993-жылы 16-февралда түзүлгөн.

2000-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов иш сапары менен расмий Бишкекке келген. Өткөн жылдын декабрь айынын соңунда Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаев кошуна өлкөгө расмий иш сапары менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!