Кыргызстан-Өзбекстан: бир нече документтерге кол коюлду

Кыргызстан-Өзбекстан: бир нече документтерге кол коюлду
5-Сен. 2017, Шейшемби

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу бир нече документтерге кол коюшту.

Эки тараптуу келишимдерге парламент төрагалары, тышкы иштер министрлиги, билим берүү министрлери, соода өнөр-жай палатасынын жетекчилери кол коюшту.

Тараптар кабыл алган документтер төмөнкүлөр:

“Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө” өкмөт аралык документ;

Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

Кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы салык мыйзамдарын сактоодо бири-бирине көмөк көрсөтүү;

Консулдук конвенциянын ратификациялык грамоталары менен алмашуу протоколу;

Соода өнөр-жай палатасындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигинин ортосундагы келишим;

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жана Өзбекстандын президентине караштуу стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институту ортосунда түшүнүшүү меморандуму;

Жогорку билим берүү тармагындагы өкмөт аралык келишим;

Илимий техникалык кызматташтык тууралуу өкмөт аралык келишим;

Бишкек мэриясы жана Ташкент акимчилигинин ортосундагы келишим.

Эки өлкө жетекчилеринин кеңейтилген форматтагы жолугушуусунда Мирзиёев бүгүн белгиленген макулдашууларды аткаруу керектигин айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!