Атамбаев: “Чек ара достуктун дарбазасы болушу керек”

Атамбаев: “Чек ара достуктун дарбазасы болушу керек”
5-Сен. 2017, Шейшемби

Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын жолугушуусунда чек арадан тоскоолдуксуз өтүү маселеси көтөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Фергана өрөөнүнүн жашоочулары үчүн чек арадан өтүү бир топ машакаттуу болгонун белгилеп, мындан ары бардык өткөрүү пункттары ачык болуп, эл эч бир тоскоолдуксуз каттаарына ишендирди.

“Биз бардык маселелер боюнча бир пикирге келдик. Келерки айга болжолдонуп жаткан менин кошуна өлкөгө боло турган сапарыма чейин бүгүнкү кол коюлган келишимдердин баарын ишке ашырууга аракет кылабыз. Чек арадагы өткөрүү пункттары ачылып, эл ары-бери эркин каттоосуна жол ачылат. Чек ара достуктун, ынтымактын булагы болушу керек”, - деди Атамбаев.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекети болсо, учурда алардын бешөөсү гана ачык режимде иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!