Кыргыз-өзбек чек арасынын 85%ы делимитацияланды

Кыргыз-өзбек чек арасынын 85%ы делимитацияланды
5-Сен. 2017, Шейшемби

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурунда маанилүү кадамдардын бири болуп эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85 пайыз бөлүгүн делимитациялоо келишимине кол коюлганы болду.

Өзбек лидери сүйлөшүүлөр шыдыр жүрсө, калган 15 пайыз бөлүгүн жакынкы аралыкта аягына чыгаруу аракети көрүлөрүн билдирди.

Ал кесиптеши Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга чакырып, алдыдагы кыска убакыт аралыгында калган бөлүгүн тактоону аягына чыгаруу ниетин билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы такталды. Ортодо 58 аймак талаштуу экени айтылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!