Сапар Исаков Мирзиёев менен жолугушту

Сапар Исаков Мирзиёев менен жолугушту
6-Сен. 2017, Шаршемби

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолукту.

Аткаруу бийлигинин жетекчиси көптөн бери эл күтүп келген эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин кубаттаганын билдирип, өзбек лидерине ыраазычылыгын билдирди.

Ал мамлекеттик иш сапар эки өлкөнүн мамилелеринин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып каларын белгиледи.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Сапар Исаковго ийгилик каалады. Ал аймактардагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийлик жогорку бийликтен уруксат сурап отурбай, жеринде чечишине шарт түзүш керектигин айтты.

Өзбек лидери Кыргызстанга күн мурда келген. Мамлекеттик иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу келишимдерге, анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын делимитациялоо боюнча документке кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!