Шайлоо-2017: 13 талапкер калды

Шайлоо-2017: 13 талапкер калды
7-Сен. 2017, Бейшемби

Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо токтоду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, президенттик жарышка чыга турган 13 талапкер калды.

Алар:

Арстанбек Абдылдаев

Өмүрбек Бабанов

Азимбек Бекназаров

Сооронбай Жээнбеков

Эрнис Зарлыков

Улукбек Кочкоров

Адахан Мадумаров

Арсланбек Малиев

Таалатбек Масадыков

Темир Сариев

Камчыбек Ташиев

Бакыт Төрөбаев

Токтойым Үмөталиева

Президент болуу ниетин билдиргендердин саны башында 59га жетип токтогон. Көпчүлүгү тил сынагынан өтпөй, шайлоочулардын колун топтоодо жетиштүү кол албагандыгы же болбосо жараксыз болгонунан улам жарыштан четтетилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!