Атамбаев Нью-Йорктогу БУУнун сессиясына катышат

Атамбаев Нью-Йорктогу БУУнун сессиясына катышат
14-Сен. 2017, Бейшемби, 10:32

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарында өтүүчү Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Америкага барат.

"Бул тууралуу президент Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоеваны кабыл алуу учурунда маалым болду",- деп билдирди мамлекет башчынын маалымат кызматы.

Жолугушууда өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Ага улай жакында келип кеткен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүүнү, улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүүнү өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын мындан ары кандайча ишке ашыруу керектиги боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!