Атамбаев россиялык кесиптеши менен жолугушат

Атамбаев россиялык кесиптеши менен жолугушат
14-Сен. 2017, Бейшемби, 10:48

Бүгүн, 14-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу жолугушуу мындан туптуура бир ай мурда, 14-августта эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын телефондук сүйлөшүусүндө макулдашылган.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагындагы маанилүү жагдайлар талкууланмакчы.

Жолугушууда жаатында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн маанилүү жагдайлары талкууланмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!