Парламент Кулматовдун талапкерлигин колдоду

Парламент Кулматовдун талапкерлигин колдоду
14-Сен. 2017, Бейшемби, 12:55

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду.

Добуш берүү жабык түрдө өтүп, 70 депутат макул, 9 депутат каршы добуш берген.

Өлкөнүн башы каржылык мекемесинин болочоктогу жетекчиси депутаттардан суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук банктын башчылыгына барып калса, банк иши жана кадрдык курамында олуттуу деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи.

«Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж эмес. Бирок токтоп турбай ишти алга жылдыруу аракеттери жасалат», - деди Кулматов.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган. Кубанычбек Кулматов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!