МКК: паспорт көчүрмөсүн бербегиле

МКК: паспорт көчүрмөсүн бербегиле
18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:18

Мамлекеттик каттоо кызматы президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номерди бербөө керектигин эскертүүдө.

МККнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Дамира Азимбаева билдиргендей, буга үгүт өнөктүгү башталгандан бери айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID паспортун биометрикалык паспортко алмаштырууга чакырып, алмаштырбаса шайлоого катышуу укугунан ажырай турганын айтканы себеп болду.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо күнү жарандар ID паспорт, жаңы биометрикалык паспорт менен да добуш берсе болорун эскертти.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Учурда 13 талапкер үгүт иштерин жер-жерлерде жүргүзүп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!