Мандаттан ажыратууга кол топтоо башталды

Мандаттан ажыратууга кол топтоо башталды
16-02-2017

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча активисттер социалдык тармак аркылуу кол топтоп жатышат. Бул тууралуу демилгечи Руслан Бекназаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал депутаттын мандатынан ажыратуу боюнча атайын баракча ачылып, ага каалоочулар аты-жөнүн, жашаган аймагын жазып, кол тамгасын калтырат.

Бекназаров бул иш-чарага Россияда эмгектенген мекендештерди баракчаны толтурууга чакырган.

Белгилей кетсек, Ирина Карамушкина өткөн аптада иш учурунда жума намазга барган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин текшерүүгө алып, мекеме аралык комиссия түзүү керектигин айтып чыккан. Мындай пикирден кийин эл өкүлү коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!