Талапкерлердин бюллетендеги катар номери аныкталды

Талапкерлердин бюллетендеги катар номери аныкталды
20-Сен. 2017, Шаршемби, 09:30

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 19-сентябрда президенттик кызматка талапкерлер арасында чүчүкулак өткөрүп, шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныктады.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Талапкерлердин катары төмөнкүдөй болмокчу:

№1 - Эрнис Зарлыков;

№2 - Токтайым Үмөталиева;

№3 - Темир Сариев;

№4 - Улукбек Кочкоров;

№5 - Таалатбек Масадыков;

№6 - Өмүрбек Бабанов;

№7 - Арстанбек Абдылдаев;

№8 - Азимбек Бекназаров;

№9 - Сооронбай Жээнбеков;

№10 - Адахан Мадумаров;

№11 - Камчыбек Ташиев;

№12 - Арстанбек Малиев;

№13 - Бакыт Төрөбаев.

Ушул тапта президенттикке талапкер арасында үгүт иштерин жүргүзүү жараяны жүрүүдө. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!