Атамбаев окаеандын ары жагынан кайрылуу жолдоду

Атамбаев окаеандын ары жагынан кайрылуу жолдоду
21-Сен. 2017, Бейшемби, 10:04

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 72-чи сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк глобалдык маселелерге, кыргыз элинин басып өткөн жолуна, келечектеги багытына, ошондой эле терроризм, диний экстремизмге каршы чаралар тууралуу баяндады.

Ал сөзүнүн жыйынтыктоочу этабында алдыда болуучу президенттик шайлоо боюнча кайрылуу жасап, элди алданбоого, туура чечим чыгарууга чакырды.

“Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!”,-деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Ушул жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктайт. Ал биринчи ирет БУУнун сессиясына катышып, трибунадан сөз сүйлөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!