Атамбаев БУУнун баш катчысына “Достук” орденин такты

Атамбаев БУУнун баш катчысына “Достук” орденин такты
21-Сен. 2017, Бейшемби, 10:41

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн АКШга жасаган иш-сапарында аталган уюмдун баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун алдында мамлекет башчы БУУнун штаб-квартирасынын ардактуу конокторунун китепчесине өзүнүн кол тамгасын калтырды.

Андан соң Алмазбек Атамбаев БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешти Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйлады. Ошондой эле Атамбаев уюмдун жетекчилигине кайрылып Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!